Menu

COVID-19: Кыргызстанда абал курч, ооруканаларда орундар жок

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Республикалык штабга облустар аралык транспорт каттамдарын токтотуу маселесин карап чыгууну сунуштады. Ал ортодо баш калаадан тышкары аймактарда да эпидемиологиялык абал курчуй баштаганы айтылууда.

Июнь айынын 15инен бери антирекорд бир нече жолу жаңыланып, коронавирус жугузуп, өпкөсү сезгенип ооругандар көбөйдү. Бишкектеги ооруканалар толуп, медициналык кызматкерлер өздөрү да коронавирус жугузуп, аймактардан дарыгерлер менен медайымдар жардамга келди.

Ушу тапта шаарда ачылган күндүзгү стационарларда медиктерге жардам берип жаткан ыктыярчылар коргонуучу кийимдер, беткап жана колкап жетишсиз болуп жатканын билдиришүүдө.

«Ыктыярчыларга жеке коргонуу каражаттары жетишсиз болууда. Дарыгерлерге бир аз берилип жатат, бирок кийинки күндөргө керек болгондуктан алар кайра эле дароо сурап жатышат», — деди ыктыярчы Айдана Оторбаева.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте эле ар бир үчүнчү медик ооруп жатканын билдирди.

«Бишкекте кошумча 2062 койка ачылды. Алардын 69у интенсивдүү терапия палаталары. Орундар бошор замат дароо толуп калып жатат. Жардамга муктаждар көп», – деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: