Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел тилкесинде жер кыртышы сүрүлүп, унаа жолду тосуп калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 6-июлда саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000м3 жер кыртышы сүрүлүп унаа жолду тосуп калган. Жабыркаган адамдар жок.
Унаа жолду тазалоо үчүн Кытай Эл Республикасынын жол куруучу компаниясынан 1 жүктөгүч, 2 самосвал тартылып, унаа жол бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. Бүгүн, 7-июль күнү улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ