Menu

Кыргызстандагы билим берүү уюмдарында обсервация үчүн 7 миңге жакын орун даярдалды

Бөлүшүү:

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен жогорку, орто жана жалпы билим берүү уюмдарында обсервация үчүн 6800 орун даярдалган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүнкү күнгө чейин мында 5 миңден ашык адам медиктердин көзөмөлүндө болуп, үйлөрүнө чыгарылды.

Алардын ичинде 30 кесиптик лицейде 1700 кишини кабыл ала турган жатаканалар обсервация үчүн берилди. Мында 1365 адам жатып, үйүнө чыгарылды. Ушул тапта 218 бейтап дарыланууда.

11 университеттин жатаканасында уюштурулган 2356 орундуу обсервация буга чейн 3,2 миңден ашык адамды кабыл алды.

42 мектепте 2659 орун даярдалып, 313 адам обсервацияда жатып чыкты.

Ушул тапта Бишкектеги №2 мектеп, №1 мектеп-интернаты, көзү азиздердин мектеп-интернатында пневмонияга кабылгандар үчүн 270 орундуу оорукана иштеп жатат.

Ошондой эле бир катар медициналык университеттердин клиникалары COVID-19 вирусу менен ооругандарды кабыл алууда.

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу болгон ресурстары менен жардам берүүгө даяр.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: