Menu

Видео – Ибрагим Жунусов: “Сот системасын реформа кылмайынча эч кандай адилеттүүлүк болбойт” (архив)

Бөлүшүү:

Сот бийлиги жөнүндө сөз болуп жатканда, мына азыр эле өзүңүздөр уктуңуздар, Жогорку Соттун төрайымы Жаныл Садиевна айтты  “Мен булар менен күрөшөм, жылдын аягында көрөсүңөр” деди.

Мен сиздерге бир нерсени айтайын, Жаңыл Садиевна күрөшпөйт, аягына жетпейт, аягына чыгалбайт дагы, чыкпайт дагы! Себеби Жаныл Садиевна өзү каалабайт ал нерсени. Мына мен сиздерге айтып коёоюн, Үсөнөв дегенди алып келип көрсөтүп атат, буга окшогондон өткөн нерселерди кетирбей туруп, болбогон бир нерсени алып келип жүзүбузгө жарык кылып, мына мындай кылып атабыз деп туу кылып тутуп отурганы өзу туура эмес нерсе.

Мына по процедуре сүйлөгүлө деп айтып атасыздар, башка нерсени айтапгыла деп. Жаныл Садиевнаны башка жерден атып алалбасак, таба албасак, каерде айтабыз анан? Депутаттарды кабыл албаса, мына мен беш ай болду кат жөнөткөнүмө, ушул күнгө чейин же А же Б деген тамга келген жок! Мына Кара-Суу районун, азыр эле Аттокуров дагы айтты, Айтибек Султанович өзүнүз күбө болгонсуз, Кара-Сууга барганда Кара-Суунун элдери Суранбаев деген фамилияны укканда оордунан туруп кол чабып атты: “ушул кетсин!” деп. Суранбаев өзү ошол жерде отурду, канча жолу айттым Жаныл Садиевнага бир дагы сөз жок, “көрөбүз, көрөбүз” себеби ал Жаныл Садиевнанын курсташы эч качан кетпейт ал, кетирбейт деп атат! Өзү ушинтип айтты: “Ибрагим Жунусов ким болуп калыптыр?” дейт.

Оштун судьясы Юлдашев жөнүндө мен кат бердим Жаныл Садиевнага, эки адамдын туурадан-туура өлүмунө себепкер болгон, эшикти ачып берип аттырып коюп, автоматты кошуп алып кеткен балага Юлдашев деген сот 15 жыл берип атат, баягыны мыйзамдуу караганда эле өмүр бою абакка кетти, эми кечээ Жогорку сотто каралды, ал жерде дагы өмүр бою абакка кетти. Он беш жыл берип койгон адам акчасын алып унчукпай эле отурат, аны эч ким кетирбейт. Себеби ал мага өзү ачык айтты, мен Жаныл Садиевнага дагы айттым: “Мен Жаныл Садиевнанын тууганы болом” дейт. Мына Нурлан деген соттун төрагасы дагы күбө ушуга, мага ушинтип айтты. Мен жеке өзүңүзгө дагы айттым, сиздин тууганыңызмын деп атат десем, “менин туугандарым көбөйүп кетти” дединиз. Туура андай болушу дагы мүмкүн а бирок эмне үчүн ошентип айтып аткан соттор иштен кетпейт дагы, 3000 сомго алданып калган адам иштен кетип атат? Тоокту урдаган адам камалат дагы, адам өлтүргөн адам камалбайт? Апасынын туулган күнүнө эки галош уурдаган адам эки жылга камалат дагы, эки адамды өлтүргөн адам бошонуп чыгып кетип бара жатат!

Бүгүнкү күндө, президентти уят кылып аткан бирден бир – бул сот бийлиги! Президенти уятка алып келип аткан бул сот бийлиги! Сот бийлигинен 3-4 сотту кызматтан бошотуп коет деген бул туура эмес! 90 % жаңылаш керек! Бүт баарын жаңылаш керек, керек боло турган болсо! Мына ошондо биз элдин ишенимине киребиз! Айтибай Султанович, өзүңүз Кара-Сууда, Өзгөндө, Араванда, Ошто болгондо бүт баары сот жөнүндө айттыбы? Мен дагы президенке чейин айттым. А бирок бул жактан келип өздөрү коргоп коюп атат! Бул киши андай эмес деп. Баягы адамдын өлүмүнө себепкер болуп аткан адам, эч качан статьяны өзгөртпөй туруп жөн эле жаап коё албайт! Ал өзү карайт, карап туруп жаап атканда акчасын алат дагы, өзүнө ылайыктап оңдоп алат.Алар кетпейт! Өткөндө ГАИлер жөнүндө сөз болду, джип минип жүргөн, “Мерседес” минип жүргөн айдоочуларды ГАИ тоспойт дагы, “Москвич”, “Жигули” минип жүргөндөрдү тосот. Сотто дагы ушундай адамдарды өлтүрүп аткандарга эч кандай чара колдонбой, каалагандай чечип коёт сот, а  кичинекей болбогон нерселерди аларды кетирип, камаганга чейин барат.

Айтибек Султанович, ушул нерсени аягына чейин жеткирсек. Өткөндө сиз дагы сөз бергенсиз элдердин алдында, кайрадан Кара-Сууга барышыбыз керек, биз кайрадан элдердин алдында жооп беришибиз керек, эмне деп жооп беребиз? Эмне деп айтабыз? Аягына чейин жеткирсек ушул нерсени!

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: