Menu

Финпол ири фармкомпаниялардын башчыларына карата сотко чейинки өндүрүш баштады

Бөлүшүү:

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) ири фармацевтикалык компаниялардын жетекчилерине карата бир нече сотко чейинки өндүрүш ачты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Финансы полициясынын кызматкерлери жарандардын кайрылуулары боюнча дарыканаларда рейд жүргүзүп, бааларды негизсиз жогорулатуу фактыларын аныкташкан.

Бул фактылар Кылмыштар менен жолуктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Финансы полициясы мыйзам бузган фармацевтикалык компаниялар менен дарыканалардын толук аталыштарын жарыялоого аргасыз. Эл эпидемиологиялык абалдан пайдаланып пайда көрүүнү көздөгөндөрдү билиши керек», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Соңку күндөрү Кыргызстанда дарыканага кезек күткөндөр көбөйүп, негизинен вируска каршы дарылар жок болуп жатканын жана дарылар кымбаттап кеткенин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: