Катар бийлиги Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелерине 420 кычкылтек концентраторун берүүнү чечти. Бул тууралуу Катардын элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулаити Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугушууда билдирди.
Катардык дипломаттын айтымында, жакынкы күндөрү Кыргыз өкмөтүнүн суранычы боюнча коронавирус инфекциясы менен ооругандарга жардам берүүгө арналган медициналык шаймандар Бишкекке жеткирилет.
Ошондой эле, эки өлкөнүн тышкы иштер органдарынын өкүлдөрү коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруу жана анын кесепеттерин азайтуу жаатында кызматташууну талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ