4-июль күнү Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан «Баястан» ресторанында кыз узатуу аземи өткөрүлгөндүгү, анда санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн ресторан ээсине 13 миӊ сом айып пул салынып, ресторан 15 күнгө карантинге жабылган. Бул тууралу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
“Ал эми 5-июль күнү Чыйырчык жайлоосунда Алай районунун Таш-Коро айылынын тургундары тарабынан кыз узатуу аземин өткөрүүгө аракеттер болгондугу, аларга Ош ОИИБдин туристтик взводу тарабынан эскертүү берилген соӊ таркап кеткендиги- айрым жарандар тарабынан тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан санитардык талаптарды так аткарбай жаткандыгы тынчсыздандырат. Ошондуктан, жарандарга кайрылаарыбыз: мындан ары санитардык эрежелерди бузушкан эс алуучу жайлардын, кафе, ресторандардын кожоюндарына жана той өткөргөн жарандарга карата санитардык-карантиндик эрежелердин негизинде мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертебиз. Урматтуу жарандар! калкыбыздын саламатчылыгы жана өзүӊүздөрдүн жакындарыӊыздардын коопсуздугу үчүн санитардык-карантиндик эрежелерди так сактоону суранабыз”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ