Menu

БУУ: Орусиянын Сириядагы аба соккуларын аскердик кылмыш деп эсептесе болот

Бөлүшүү:

Сирия менен Орусиянын Идлиб провинциясындагы мектептерге, ооруканаларга жана базарларга жасаган аба соккуларын аскердик кылмыш катары баалоого болот. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сириядагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн көз карандысыз комиссиясынын баяндамасында жазылган.

«Марттагы элдешүү жараянына чейинки өкмөттүк күчтөрдүн ылгабастан жасаган аба соккуларынан жүздөгөн адам мерт болуп, миллионго жакын тургун үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Бул адамзатка каршы жасалган кылмышка тете», — деп жазылган баяндамада.

Комиссиянын башчысы Пауло Пиньейрунун айтымында, БУУ террордук деп тапкан өкмөтчүл күчтөр Сирияда согуш мыйзамдарын жана жарандардын укуктарын одоно бузушкан.

Баяндамада Сириянын түндүк-батышындагы 52 чабуул жөнүндө жазылып, алардын 47син өкмөттүк күчтөр Орусиянын колдоосу менен жасаганы белгиленген.

Мындан тышкары 5-мартта Маарет-Мисрин шаарына жакын жердеги качкындар жайгашкан канатуулар фабрикасына, 29-январда жикчилдердин көзөмөлүндөгү Ариха шаарындагы оорукананын жанына бир нече сокку жасалганы жазылып, булар үчүн жоопкерчилик Орусиянын аскердик авиациясына жүктөлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: