Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөткө айткан катуу сынына карабастан, эч бир кызмат адамы иштен алынбайт. Бул тууралуу маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Бирок, эгерде мамлекеттик органдардын жетекчилери жергиликтүү аткаминерлерге карата сунуштарын беришсе, анда биз аларды карайбыз”, – деди Боронов.

Кубатбек Бороновдун айтымында, ал өкмөттүн башчысы катары кызмат адамдарынын Коопсуздук кеңештин талаптарын толугу менен аткаруусун көзөмөлгө алууга ниеттенүүдө.

Премьер-министр ошондой эле, COVID-19 менен ооругандардын санынын кескин көбөйүшүнө дарыгерлердин сунуштарын аткарбаган жарандар дагы күнөөлүү экендигин белгиледи.

“Эгерде буга чейин кимдир бирөө коронавирустун бар экенине ишенбесе, эми ишенип калды деген ойдомун. Баарын өзгөртүүгө кеч эмес. Мындан да жаман кырдаалга туш болбоо үчүн аракет жасайлы “, – деп жыйынтыктады Кубатбек Боронов.

Эске салсак, буга чейин президент жогорку кызматтагы чиновниктерди калк арасында дүрбөлөң салып, жарандарга алгачкы медициналык жардамды уюштуруу жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзбөгөндүгү үчүн сындаган.

“Силер кадрлардын резервин толуктоо үчүн мөөнөтүнөн мурда иштеген жоксуңар жана кризистен кийин гана медициналык адистерди тарта баштадыңар”, – деп сындаган өлкө башчы.