Menu

Кара-Суу районунда автотранспорт каражатын айдай качууга аракеттенген шектүү кармалды

Бөлүшүү:

2020-жылдын 4-июль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан автоунаа каржатын айдай качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 3-июль күнү Кара-Суу районунун Фуркат айылынын тургуну 1970-ж.т. Б.У. арыз менен кайрылган. Арызда: 2020-жылдын 3-июль күнү саат 20:30 чамасында, Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылынын жашоочусунун турак жайынын короосу тосулган дубалдан ашып өтүп, терезе аркылуу үйдүн бөлмөсүнө кирип, терезеде турган ачкычты алып, турак-жайдын гаражында турган күмүш түстөгү “Лексус GX 470” үлгүсүндөгү авто унаасын эч кимге билдирбестен, жашыруун түрдө айдап чыгып кеткен.

Бул окуя Кара-Суу РИИБдин КЖБР катталып, КРнын ЖКнин 206-бер.(Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам жүргүзгөн иш чараларынын натыйжасында авто унааны айдап башкарып жүргөн Отуз-Адыр айылынын тургуну 1998-ж.т Г.А кармалды. Ал жеӊил акча табуу масатында ушундай ишке баргандыгын билдирген.

Кылмышка шектүү азыр учурда Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалы жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: