Экс-депутат Камчыбек Ташиевдин абалы күндөн-күнгө жакшыра баштады. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда “Регион” телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Камчыбек Ташиев агабыздын абалы тууралуу ар кандай маалыматтар тарай баштады. Так билдирүү: Камчыбек Ташиевдин абалы күндөн-күнгө жакшыра баштады, дарылануусун стационарда улантып жатат. Ар кайсыл булактардан чыгып жаткан так эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз” – деп жазган Өткүрбек Рахманов.
Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев эки тараптуу пневмония оорусуна кабылып, оор абалда экени айтылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ