Menu

Ибраим Нуракун уулу: “Спикер Дастан Жумабеков 30 миң сом эле айлык алат, депутаттар эмгек өргүүсүнө 200 миң сомдон алышты деген маалымат жалган”

Бөлүшүү:

Спикер Дастан Жумабеков 30 миң сом эле айлык алат, депутаттар эмгек өргүүсүнө чыгып жатышып 200 миң сомдон алышты деген маалымат жалган. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом эмгек өргүү акысын алыптыр деген айрым такталбаган маалыматтар коомчулугубузду кабатыр кылды. Бул маселе боюнча Төрага Дастанбек Жумабеков менен бир аз мурда сүйлөшүп, төмөнкүлөрдү тактадык.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгек акылары толук бойдон Эмгек кодексинде жазылган нормаларга ылайык чегерилет. Төраганын бир айлык эмгек акысы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом, депутаттардыкы 25 миң 500 сом. Эмгек Кодекси боюнча эмгек өргүү акысы бир айлык маянанын көлөмүнөн ашпайт. Андыктан, Фейсбук баракчасындагы биз тааныбаган атуулубуздун “ар бир депутат кассадан 200 миң сом алып атканын көргөндөр бар” деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Дагы бир кошумчалай кетчү момент, Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлеринин дээрлик баардыгы илгерки СССР учурундагыдай кассага кезекке туруп маяна албайт, банктык карточкаларына түз которулат. Демек, “200 миң сомдук ведомостко кол коюп жатканын көрдүк” деген дагы туура маалымат эмес. Дагы бир жагдай, мамлекеттик кызматкерлер баары эле бирдей эмгек акы албайт, арабызда өмүр бою мамкызматта иштеген адистер бар, алардын эмгек акысы кыйла айырмаланып турат. Бирок, ал дагы 200 миң сомду түзбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери жалпы жонунан башка мамлекеттик бийлик бутактарында иштеген кызматкерлерден же министрлерден ашыкча эмгек акы албайт.

Азыркы оор учурда, Жогорку Кеңештин депутаттары башканы коюп медицина кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрүн өз учурунда төлөп берүү маселесин байма-бай көтөрүп келишет. Бул максатта ЖК депутаттары жана комитеттери мамбюджеттеги чыгымдарды кескин кыскартууга добуш беришкен. Анын ичинде Жогорку Кеңеш өзү дагы чоң кыскартууларга барууда. Бул жылы Төраганын буйругу менен сатып алуулар, командировка, майда чарбалык ремонт сыяктуу иштер токтотулган.

Кошумчалай кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков соңку үч айлык эмгек акысын ковидге каршы күрөшүү фондуна которгон, жалпы эл өкүлдөрү бир айлык эмгек акысын чегерген, “Кыргызстан” фракциясы эки айлык эмгек акысын которгон. Айрым депутаттар, мүмкүнчүлүгү бар аппарат кызматкерлери үй-бүлөсүнүн атынан эл катары жардамдашууда.

Кесиптештер, ар түрдүү шектүү маалыматтарды расмий тараптан тактап жарыялашыңыздарды суранабыз. Оору күчөп, көптөгөн атуулдарыбыз жакындарынан айрылып кайгыга батып турган маалда шашылыш, такталбаган маалыматтар кырдаалды ан сайын ырбатып жибериши ыктымал. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы Төрагага же депутаттарга кызмат кылбайт, парламентаризм, күчтүү парламентаризм жана ачыктуулук үчүн иштемекчибиз. Көбүңүздөр байкасаңыздар керек, биз ар дайым сиздер үчүн ачыкпыз, күнү-түнү байланыштабыз. Суранаарыбыз, маалыматтарды тактап анан элге бериңиздер”, – деп жазат Ибраим Нуракун уулу.

Эсиңиздерге сала кетсек, 7-июлда КР Жогорку Кеңешинин мурунку кызматкери Тимур Абылаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасында “Бюджетте акча жок, дарыгерлердин айлык маяналарын төлөөгө каражат тартыш, бирок 120 депутаттын баары эмгек өргүүсүнө кетип жатып ар бири 200 миң сомдон эмгек өргүү акчасын алып кетишти”  жарыялаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: