Кыргызстанда бир сутка ичинде 42 адам пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, республика боюнча 21 адам, Бишкекте 21 адам пневмониядан каза болду.
Маалыматка ылайык, март айынан бери өлкө боюнча 310 адам өпкөнүн сезгенүүсүнөн улам көз жумушкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ