Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлар жалпысынан 8086 бейтапты кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда борбор калаанын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, 8086 адамдын ичинен 6673 бейтап тамчылатма дары куйдуруп, ийне сайдырышкан. Ал эми калган 1349 жаран медициналык консультация алышкан, 57 киши ооруканага жаткырылган.
Маалыматтарга ылайык, 9 күндүзгү стационарларда 57 дарыгер, 83 медайым, 17 санитардык кызматкер, ординаторлор жана волонтерлор иштеп жатышат. Жеке менчик сектордун колдоосу менен стационарларды 36 кычкылтек концентраторлору орнотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ