Menu

Видео – Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония, анын орун басары Нурболот Үсөнбаев COVID-19 менен ооруп жатат

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония менен, анын орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус менен жабыркап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди.

Анын айтымында, Үсөнбаевдин коронавируска тапшырган анализинин жыйынтынтыгы оң натыйжа берген. Ал эми Сабиржан Абдикаримовго пневмония диагнозу коюлган, анын COVID-19га тапшырган тестинин жыйынтыгы терс чыккан.

“Алардын абалы орточо оор деп бааланып жатат. Бардык тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө” – деп кошумчалады Айнура Акматова.

Кыргызстанда, коронавирустун жалпы 9 358 учуру катталды, анын ичинде 1450 учур дарыгерлердин арасында аныкталды. Бул убакыт аралыгында ооруканалардан 3134 адам чыгарылган, 122 адам илдеттен улам көз жумган.

Бир сутка ичинде пневмониядан 40 жаран каза болду, алардын жалпы саны 350гө жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: