Menu

“Роснефттин” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директорунун орун басары Чайка Керимбаев пневмониядан улам каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-июлда Россиянын “Роснефть” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директорунун орун басары Чайка Керимбаев пневмониядан көз жумганы белгилүү болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары журналисттерге билдирди.

Чайка Керимбаев аталган кызматка 2016-жылы келген. Ал буга чейин УКМКда эмгектенген. 2006-жылдан 2010-жылга чейин “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын Авиациялык коопсуздук жана режим боюнча башкармалыгын вице-президенти болуп иштеген. Чайка Керимбаев “Роснефть” ишканасында да коопсуздук үчүн жооптуу болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бир сутка ичинде пневмониядан 40 адам каза болду. Март айынан бери бул илдеттен улам 350 адам өмүрү менен кош айтышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: