Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 11-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, айрым жерлерде 15-20 м/с чейин жетет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +14…+19, күндүз: +27… +32,
Таласта түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +25…+30,
Баткенде түнкүсүн: +16… +21, күндүз: +28…+33,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +16…+21, күндүз: +28…+33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +18…+23,
Нарында түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +19…+24,
Бишкекте түнкүсүн +16…+18, күндүз: +30…+32.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ