Menu

БШК: Шайлоолорду уюштуруу жана шайлоого кете турган чыгашалардын сметасы азыркы кырдаалды эске алуу менен оптимизацияланат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолорду уюштурууну жана шайлоого кете турган чыгашаларды азыркы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жөнгө салат. Бул тууралу КР БШКнын маалыматтык бөлүмү билдирет.

БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү процессине абдан зарыл гана иш-чараларга кете турган чыгымдардын майда-чүйдөсүнө чейин такталган смета түзөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Конституциялык мыйзамы тарабынан, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо милдетүү экендиги, ал Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөттө өтүшү керектиги каралган. Конституцияда Жогорку Кеңештин беш жылдык мөөнөтү каралган, ошондуктан КР Жогорку Кеңешине депутаттарды кезектеги шайлоо 2020-жылдын октябрь айына туура келет. Ушуга байланыштуу “2020-жылдын республикалык бюджети жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен,  2020-жылдагы шайлоолорду өткөрүүгө жалпысынан 732 млн. сом пландуу чыгымдар каралган.

БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Япониянын Өкмөтү сыяктуу өнөктөштөрдүн колдоосунун натыйжасында, идентификациялоочу жабдуулардын бөлүктөрүн толук комплектациялоого пландалган бюджеттик план 95 млн. сомго төмөндөгөн. Зарыл болгон мындай кыскаруулар БШК тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңеш тарабынан пандемияга байланыштуу бюджетти оптималдаштыруу маселесин карап жатканда кабыл алынган. Муну менен бирге азыркы татаал эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, бир катар уюштуруучулук иш-чаралар кыскартылды, ал эми шайлоолорду даярдоону башкаруу, маалыматтык түшүндүрүүчү иш-чаралар көп учурда аралыктан жана электрондук форматта ишке ашырылат. Жарандарга добуш берүүнүн тартиби, талапкерлер жана партиялар жана башкалар жөнүндө маалыматтарды жеткирүү боюнча, өнөктөштөрдүн жардамы менен бир катар электрондук маалыматтык ресурстар ишке киргизилмекчи. Жалпылап айтканда мунун бардыгы эсептөөлөр алиге жүрүп жаткан шайлоолорго даярдык көрүү бюджетинин пландык жана иш жүзүндөгү чыгымдарын дагы төмөндөтөт.

Белгилей кете турган нерсе, шайлоолорго даярдык көрүү, добуш берүү үчүн 2400дөн ашык участокторду уюштурууну, анын ичинде четөлкөлөрдө да уюштурууну камтыйт. Процессти уюштурууга бардыгы болуп 32 миң шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана техникалык колдоо көрсөтүүнүн операторлору катышат, аларга кете турган сый акы сметада эске алынат (2-3 миң сом айына бир адамга).

Сметага мындан тышкары БШКнын материалдарын жана зарыл болгон жабдууларын территориалдык комиссияларга жана территориалдык комиссиялардан участкалык комиссияларга жеткирүү боюнча транспорттук чыгымдар да кирген. Планда шайлоочулардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар да каралган. Бул маселе боюнча дайындалган шайлоолордун өтө зарыл муктаждыгына жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирген БУУнун Өнүктүрүү программасы, KOICA жана башка эл аралык өнөктөштөр менен иш жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: