Menu

Нуржигит Кадырбеков: Аалым жана аалам

Бөлүшүү:

КР Маданият министринин орун басары, көп кырдуу жаш талант Нуржигит Кадырбеков түндө көзү өткөн аалым Чубак ажы Жалиловго арнап жазган, ый менен муңга толгон жаңы ыр саптарын жарыялады.

Кулагыма суук кабар жаңырды,
Зыркыратып жүрөк-жүлүн, тамырды.
Жол көрсөтчүү жоболоңдуу заманда,
Жоготуппуз алп, даанышман аалымды.

Билем, ар жан өлүм даамын татат бу,
Бирок, ыйлап, көздөн мөлтүр жаш акты.
Накыл сөзү – чырак эле түндөгү,
Ким бизге айтат эми ошондой насаатты?

Маңдайында жылдыз-нуру жаркыган,
Таңдайынан таттуу сөздөр шаңшыган.
Казган кенин Алла берген илимдин,
Ошон үчүн Ай айбыкчу баркынан!

Ачуу дебей акыйкатты билдирчүү,
Капалуунун жарпын жазып күлдүрчүү.
Бул жалганда аз жашаарын билгендей,
Тынымы жок иштеп күн да, түн жүрчүү.

Илим, акыл, китеп эле жыйганы,
Биз эле эмес дүйнөдө көп сыйлаары.
Чын ыклас, чырак билим, чындык сөз…
Бузуктуктан буруп койгон кыйланы.

Буркурадым сыздап, жүрөк эзиле,
Күн күл болуп, Ай өчкөндөй сезиле.
Элге келген балакеттин бардыгын
мага бер, деп тилеген бейм өзүнө.

Күн тийсе да күңүрт тартып төгөрөк,
Кандайдыр бир капалыкка бөлөнөт.
Аалым өтсө – аалам боорсуз калгансыйт,
Андай залкар кайра качан төрөлөт?

Арманым өрт, айтар сөз көп дээр ичте,
Устатым ай, кеттиң салым кейишке.
Ортодогу бир туугандык мамиле,
Уланат деп үмүт кылам бейиште.

Нуржигит Кадырбеков

11-июль, 2020, Саат сааркы 7:33

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: