Menu

Кыргызстанда дагы 552 адамдан коронавирус аныкталды, бир сутка ичинде 3 бейтап каза тапты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-июлга карата Кыргызстанда дагы 552 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 314, Чүй облусунан – 124, Ош шаарынан – 24, Ош облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 26, Нарын облусунан – 17, Баткен облусунан – 28 учур катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 9910го жетти. Анын ичинде:

– Жалал-Абад облусунда — 581 адам;

– Ош облусунда — 647 адам;

– Ош шаарында — 972 адам;

– Бишкек шаарында— 4341 адам;

– Нарын облусунда — 647 адам;

– Чүй облусунда — 1832 адам,

– Баткен облусунда — 257 адам;

– Талас облусунда –  86 адам;

– Ысык-Көл облусунда — 307 адам.

– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 102 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 3236га жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 40 адам; Чүй облусунан – 12 адам, Ош облусунан – 11, Ош шаарынан – 11, Нарын облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 9 адам, Баткен облусунан – 11 адам, Ысык-Көл облусунан – 1 адам, Талас облусунан – 2 адам.

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасынан – 65 жана 51 жаштагы эркек кишилер, Лейлек аймактык ооруканасынан – 44 жаштагы эркек киши көз жумду.

Жалпы каза болгондордун саны 125ке жетти.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: