Menu

Видео – Бишкек шаарынын өлүкканасынын алдына 400дөй киши чогулуп, Чубак ажы Жалиловдун сөөгүн кичи мекенине узатышты

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын өлүкканасынын алдына 400дөй адам диний ишмер, Кыргызстандын экс-муфтийи Чубак Жалилов менен коштошуу үчүн чогулушту. Facebook колдонуучусу Рахматулла Мeхаммед коштошуу жеринен видео жарыялады.

Маркумдун жаназа намазын Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев окуду. Чогулган адамдардан социалдык аралыкты сактоого чакырышты.

Чубак ажы Жалиловдун сөөгү кичи мекени болгон Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылына алып кетишти. Ал жерден да жаназа намазы окулат.

Чубак ажы Жалилов буга чейин өпкөсүнөн кагынып, үйүндө ооруп жатып, 10-июлдан 11-июлга караган түнү Бишкектеги улуттук госпиталга жеткирилген. Анда ал эс-учунда болгон, бирок дарыгерлердин ыкчам көрсөткөн жардамына карабай бир сааттын ичинде көзү өткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: