Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Сотторду тандоо кеңешинде маектешүүдөн өттү. Бул тууралуу “Коомдук анализ институтунун” сайтында жарыяланды.
Маектешүүдө кеңешменин мүчөсү Назира Сопубекова Айбек Эрнис уулунан мындан ары дагы судья болуп иштеп калаарына ишендирүүнү суранды.
Анда Айбек Эрнис уулу: “Сизди ишендириппи? Сиз мени адам катары билбейсиз. Менин соттук отурумдарыма келип катышсаңыз болот. Мен ар дайым мыйзамга ылайык иш жүргүзүүгө аракет кылам” – деп жооп берген.
Айбек Эрнис уулуна Бишкектеги соода борборунун дааратканасында 13 жашар кызды зордуктаган кишинин акталышы жөнүндө да суроо берилди.
Ал сот актыларын мыйзамдын негизинде кабыл алган судья экендигин айтты. Ал көп жылдар бою тергөө ишинде иштегенин жана соттук териштирүүлөр кандай жүрүп жаткандыгын, далилдер кандайча алынгандыгын биле турганын белгиледи.
Эске салсак, 13 жаштагы кыздын апасы, 2016-жылы кызы соода борборунун дааратканасында зордукталганын айтып келет. Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор шектүү делген Ш.Б.ны кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу актаган. Эми борбор калаанын прокуратурасынын кассациялык арызы боюнча кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ