Бишкектеги “Илим” билим берүү комплексинин жетекчиси, Билим берүү министринин мурдагы орун басары Гайша Ибрагимова 69 жашында пневмониядан көз жумду.
Гайша Ибрагимова пневмония болуп, бир нече күн мурун ооруканага жаткырылган. Тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан бүгүн каза тапты.
Гайша Ибрагимова Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, 1975-жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келди. Ибрагимова Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги. 2004-2005-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп иштеген.
Гайша Ибрагимова Кыргызстандын билим берүү тармагында бир топ долбоорлорду ишке ашырып, агартуу тармагына зор салымын кошту. Ибрагимова эгемен Кыргызстанда алгачкылардан болуп жеке менчик билим берүү мекемесин түптөп, балдарды заманбап технологиялар менен окута баштаган. Ал Билим берүү мекемелеринин бирикмесин жетектеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ