Menu

Аудио – Максат Сабиров: “Мен 10 жыл депутат болдум, “маколё-саколё” деп уят кылган жокмун, эртеңден баштап чындыкты айта баштайм, бийликке каршы чыгам”

Бөлүшүү:

Урматтуу Маман айылынын тургундары!  Мамандын жаштары!

Мен ушуга чейин чыдап, эч нерсени айткан жокмун. Эч нерсеге, мындай, ушул элимди, журтумду эч качан кабатыр кылбайын деп, ушул айылыма кылган жакшылыгымды айткан жокмун.  Эч качан ушул силерди уят кылбаганга аракет кылдым. Башка депутаттарга окшоп “маколё-саколё” деп силерди уят кылган жокмун.  Мына бүгүнкү күнү Кудай тааламдын ушул сыноосудур, мен бүгүнкү күндөн баштап, мен ушул азыркы бийликтин, азыркы бийликке чуркагандардын оппозициясы болдум. Өзүңөр угуп койгула, Кудай таалам бизге сыноо берген экен, ушул сыноолордон өтүп атсам керек.

Мен, Сабиров Максат Эсенович, Эсендин баласымын, чабан Эсендин баласымын, 10 жыл депутат болдум.  Силердин мына бүгүнкү жашооңорго күбө болуп, ушул силерди, районумду, областымды уят кылган жокмун. Бирок ушул айылыбыздын бийлик деп чуркап жүргөн балдарынын, бандиттердин аркасынан чуркап жүргөн балдарынын жүзүн көрдүм мен.  Алар менин жанымда жүрүштү.  2010-жылы аларды камап коё турган убагында мен ошолорду сактап калдым, кийин алар мага каршы чыгышты.

Ошон үчүн алтындай элим, Маман айылым, алдыңан кетейин Мамандыктар, мен силерди ушундай жүрөгүм менен жакшы көрөм. Маман эли – ушундай куттуу элсиңер. Кандай болсо дагы, бирок бүгүндөн баштап мен чындыкты айта баштайм. Мен бетиңерге айта баштайм. Буга чейин мен чыдап келгем. Чыдап баарыңардын ынтымагыңарды каалап келгем. Ушул биздин айылыбызды, элибизди бузарлар жоголсун! Мен силердин балаңармын. Мен депутат болгону Маманга жаман болгон жок. Жакшылыктын баары келди. Районубузга жакшылык келди. Бир кенедей районубуздан мен 3 депутат чыгардым. Бул тарыхта кала турган нерсе. Улан Чолпонбаевди чыгардым, Асылбек уулу Дамир келди. Маман айылынан ушул эки уулуңар чыгып, депутат болгону үчүн силер сыймыктансаңар болот. Мени жаман көрсөңөр жаман көргүлө. Кандай десеңер андай дегиле, мындан кийин мен мындай сөздөрдү сүйлөбөй калышым да мүмкүн. Өмүрүмдүн канчалык узун экенин бир кудайдын өзү билет.

Урматтуу Мамандын жаштары!

Элибизге, аталарыбызга, энелерибизге, баарына айткыла ушул сөздөрдүн баарын. Аман болгула, бар болгула, бай болгула.  Көбөйгүлө, өнгүлө, өскүлө, бирок, биздин ушул айылдан чыгып, биз ушул кыргыз элинин атынан депутат болуп чыкканыбыз үчүн бизге сыймыктангыла! Анан бүгүндөн баштап, мен ушул айылдагы ар бир бийлик үчүн, байлык үчүн деп жутунгандар үчүн мен каршы чыгам! Ушуларга мен түбөлүккө каршы чыгам. Ушулар үчүн мен жанымды берем. Ант берем. Эгер мени өлтүрүп кетишсе же мен жөнүндө бир нерсе кылабыз дей турган болсо мен ошого да каршы чыгам! Мени ар кандай деп айтасыңар, казактын баласы дейсиңер, кыргыздын баласы дейсиңер, бирок мен ушул айылыма, Ысык-Көл областында, атам төрөлгөн жерде, өзүм төрөлгөн жерде мен каным менен, жаным менен мен силерге ант берем! Дайыма ушул айылым , районум, областым үчүн иштегенге.

Мен азыркы бийликке каршымын!

Азыркы бийликти мен эртеңки күндөн баштап, Кудай буйруса, Кудай буйруса мен дайыма каршы келгем. Эртеңки күндөн баштап мен ачыгын айта баштайм. Айланайын айылдыктарым, аман болгула, бар болгула, бай болгула, бирок, эл бузарларды ичиңерден кууп чыккыла! Эл бузарларды, журт бузарларды, тыштан келип, жээн болуп жүргөн эл бузарлардын баарын жоготкула!

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: