Бүгүн, 13-июлга карата Кыргызстанда дагы 488 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 265, Чүй облусунда – 37, Ош шаарында – 45, Ош облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 51, Нарын облусунда – 4, Баткен облусунда – 43, Талас – облусунда – 2 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 11117ге жетти. Анын ичинде:
– Жалал-Абад облусунда — 642 адам;
– Ош облусунда — 693 адам;
– Ош шаарында — 1054 адам;
– Бишкек шаарында— 5106 адам;
– Нарын облусунда — 652 адам;
– Чүй облусунда — 1965 адам,
– Баткен облусунда — 354 адам;
– Талас облусунда – 94 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 337 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 73 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 3460га жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 55 адам; Ош шаарынан – 5, Нарын облусунан – 9, Баткен облусунан – 4 адам.
Өткөн сутка ичинде 15 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасынан 3 эркек киши – 56, 46, 56 жашта, 60 жаштагы аял, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 70, 71 жаштатагы аялдар, Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 61 жаштагы эркек киши, Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 55 жаштагы аял киши, Жайыл аймактык ооруканасынан – 69, 67 жаштагы эркек кишилер, 83, 50, 61 жаштагы аялдар, Кадамжай аймактык ооруканасынан – 77 жаштагы эркек киши, Лейлек аймактык ооруканасынан – 75 жаштагы эркек киши ооруну жеңе албай көз жумду.
Жалпы каза болгондордун саны 147ге жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ