Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот процесси кийинкиге жылдырылды.
Бүгүнкү отурумга көптөгөн адвокаттар келген эмес. Ал эми айыпталуучулар СИЗО-1ден алынып келинген эмес. Буга байланыштуу кийинки отурум 20-июлга белгиленди.
Ошондой эле, айыпталуучулардын бардыгынын баш коргоо чарасы 13-сентябрга чейин узартылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча депутаттар – Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДП партиясынын мүчөлөрү, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ