Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, өлкө Премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана жакшыртуу, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү чаралары, ошондой эле Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоо маселелери талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов аймактардагы ишкерлерди колдоо жана бизнесмендерге жеңилдетилген насыяларды берүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Мындан сырткары, жакынкы күндөрдө жер көчкү болгон Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенине баруучу жол ачыларын маалымдады. Учурда көмүр башка маршрут менен ташылып жатат.

Муну менен катар Өкмөт башчысы Ош облусунун Араван районундагы үгүт иштери жүрүп жаткан иш-чара маалында чыккан калайман мушташ боюнча укук коргоо органдарына ыкчам түрдө дыкат иликтөө жүргүзүү тапшырылганын белгиледи. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кубатбек Боронов коомдук тартипти талаптагыдай камсыз кыла албагандыгы үчүн Араван ИИБисинин башчысы ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгын кошумчалады.

Премьер-министр ошондой эле коррупция менен күрөшүү маселелери жана Коррупцияга каршы жаңы стратегия боюнча жакында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жакынкы мезгилде жумушчу жыйын өткөрүлөрүн белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ишкерлерге насыялык каражаттарды берүүгө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Президент көптөгөн бизнесмендер, айрыкча өнөр жайды кайра иштетүү менен алектенгендер аймактарда ишкерликти жана фермерчиликти колдоо боюнча мамлекеттик программалардан кабарсыз экенин белгиледи. Буга байланышуу ишкерлер арасында жеңилдетилген насыяларды алуу шарттары тууралуу кеңири маалыматтык кампанияларды жүргүзүү зарылдыгы айтылды.

Ошондой эле Мамлекет башчысы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо начарлай түшкөнүн баса белгилеп, бир катар чет өлкөлөрдө коронавирусту жаңы жуктургандардын саны өсүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигине калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван ройонундагы окуя боюнча Өкмөттүн  көз карашын колдоого алды. Келечекте мындай окуяларга жол бербөө  максатында жогорудагыдай жаңжалдарга компетенттүү түзүмдөр тарабынан өз маалында бөгөт коюлушу керектигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: