Menu

Россия Федерациясы Кыргыз Республикасына ПЧР тест-системалардын топтомун берди

Бөлүшүү:
Россия Федерациясы коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасына гуманитардык жүк берди. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясынын бар-жогун аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилди. Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө үчүн 820  ПЧР тест-системасынын толук топтому, 24 000 изилдөөгө толук эмес 480 топтом келген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги Россия Федерациясына, ошондой эле Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус инфекциясы менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним көрсөтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: