Menu

Бишкектеги күндүзгү стационарлар кайда жайгашкан?

Бөлүшүү:

Бишкектеги 12 күндүзгү стационарлар бейтаптарды эрте менен саат 8:00дөн кечки саат 20:00 чейин кабыл алууда.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, стационарларда кезек күткөн адамдар азайып, бейтаптар четинен айыга баштады.

Эске салсак, стационарлар курч респиратордук вирустук инфекциясы бар жана пневмония менен ооругандарга арналган. Бул жерде бейтап кеңеш алып, тамчылатма же ийне сайдырып, дары сатып алса болот. Жалпысынан күндүзгү стационарда 1 миң 70 койка бар.

Бишкек шаарында жайгашкан күндүзгү стационарлар:

Ленин районунун «Газпром» дене тарбия комплексинде 120 орун,

– №68 гимназия-мектебинде 30 орун (Токтогул менен Үмөталиевдин кесилишинде);

– «Арал» кафесинде 50 орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).

– Ак-Ордо конушундагы № 96 мектептин базасында 30 орун (Каркыра көчөсү, 93а);

Свердлов районунун “Чыгыш-5” кичи районундагы Р. Саанатбаев атындагы дене тарбия комплексинин эски имаратында 150 орун,

– №94 орто мектепте 50 орун («Дордой» конушунда);

– Аламедин-1 кичи районундагы №38 мектепте 50 орун;

Октябрь районунун “Бишкекнаабайкана” МИнин базасында 200 орун,

– «Сейтек» мектебинде 50 орун(Анкара көчөсү, 1/10 «Ала-Тоо» университети);

Биринчи май районунун Кожомкул атындагы спорт ордосунда 50 орун,

– №83 орто мектепте, «Кудайберген» базарынын жанында 150 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9);

– Ак Босого конушундагы №81 мектепте 40 орун (Профессор Зима көчөсү, 220)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: