Кечээ, 13-июлда калаанын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү бардык санитардык талаптарды сактоо менен жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү туруна катышышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Тест №65 жана №11 мектептеринде өтүп, 242 окуучу катышты.
Бардык тесттик борборлор дезинфекцияланып, бардык жерге санитайзерлер орнотулган. Кызматкерлер, окуучулар жеке коргоо каражаттары менен камсыз болушту. Тесттин башында ар бир бүтүрүүчүнүн дене табы текшерилип, аталган жерде медицина кызматкерлери жана милиционерлер иштеп жатышты.
Эскерте кетсек, биринчи жана экинчи тур 21-июндан 25-июнга чейин өткөрүлгөн. Үчүнчү турга ден-соолугуна байланыштуу биринчи жана экинчи турга катыша албай калган окуучулар катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ