Бишкектеги Ботаникалык бакта өрт чыкты. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 13-июль күнү Бишкек шаарынын Октябрь районундагы ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыккан.
12-кичи районунун ботаникалык бакчасынын түштүк тарабында 2500 чарчы метр жана 6-кичи районунун ботаникалык бакчасынын түндүк тарабында 500 чарчы метр куураган чөп күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ