Menu

“Реформа” саясий партиясы мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн эскертүү алат

Бөлүшүү:

“Реформа” саясий партиясы БШКдан мөөнөтүнөн мурда үгүт иштери үчүн эскертүү алат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда журналисттерге шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, “Реформа” партиясы идеологиясын чагылдырган видео жарыялаган.

“Биздин жумушчу топ маселени кароо үчүн чогула элек. Бул топко объективдүү баа берүү үчүн медиа-эксперттер кириши керек деп ишенем” – дейт Гүлнара Журабаева.

Белгилей кетсек, “Бирик” саясий партиясы мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн эскертүү алган.

БШК 20-августка чейин саясий уюмдар съезд өткөрүшүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керектигин эскертет. Түзүлгөн тизмелер квоталарга ылайык келиши керек.

Белгилей кетсек, ЖКнын депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: