Menu

БШК Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны шайлоого катышууга каттоодон баш тартты

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПнын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүүсүн каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге БШКдан тастыкташты.

Бул маселе боюнча отурумда БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Сагынбек Абдрахманов мыйзамдуу түрдө КСДПнын төрагасы болгон-болбогонун тактады. Бирок, анын айтымында, ал так жооп ала алган эмес.

“Мен арыздарды, даттанууларды ж.б. кабыл ала турган жумушчу топто болбогондуктан ушундай суроону бердим. Тактоо максатында мөөр жана устав кимде экендигин билгим келди. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча жетекчи ким экени белгилүү. Бул маселеде акыркы чекит коюла электигине түшүндүм.  Мен интервьюлардын биринде Юстиция министрлиги эки жыл мурун КСДП партиясынын лидерлигин өзгөртүп, Абдрахмановду көрсөткөндө, мыйзам бузуулар болгон деп айткам. Баса, бул боюнча Юстиция министрлигинде эч ким жоопко тартылган эмес. Андан кийин соттук териштирүүлөр болуп, алар прокуратурага кат жазышкан, материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жөнөтүлүп, ал жерден баары токтоп калды. Бүгүнкү күндө алар Абдрахмановду каттоодон баш тартуу жөнүндө туура чечим кабыл алышты деп ишенем: ал өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоону өтүндү. Абдрахмановдун билдирүүсүн канааттандырууга негиз жок болгондуктан, биз туура чечим чыгардык. Ошондой эле, партиянын мүчөлөрү соттошуп жатканын белгилейбиз. Ошол эле учурда, БШКнын регламенттерине ылайык, биз мөөрү жана уставы бар партияларды каттоодон өткөрүшүбүз керек” – деген Кайрат Осмоналиевдин сөзүн Атамбаевдин СДПКсы билдирет.

Эске салсак, буга чейин Анвар Артыков БШКга КСДПны каттоодон баш тартууну талап кылып, аны жалган партия деп атаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: