Кечээ, 14-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Түрк кеңешинин Башкы катчысы Б.Амреев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Министр менен Башкы катчы коронавирустук инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңүү боюнча Кыргызстандагы жана Түрк кеңешинин башка мүчө-мамлекеттериндеги учурдагы абалды, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча улантылып жаткан күч-аракеттерди талкуулашты.
Тараптар коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык-экономикалык чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча түрк мамлекеттери тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна ишеним билдиришти.
Мындан тышкары, Түрк кеңешинин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ