Menu

Ош ТУнун профессору Узенбаев Расул Аширбекович дүйнө салды

Бөлүшүү:

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети жана өлкөбүздүн билим берүү жана илим чөйрөсү чон жоготууга учурады. 60 жашында оорудан улам Ош ТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы Узенбаев Расул Аширбекович дүйнө салды. Бул тууралу Ош ТУнун басма сөз кызматы билдирет.
Узенбаев Расул Ашырбекович 1960–жылы 28 сентябрда Жалалабат облусунун Жаңы Жол районунун Кош Төбө айылында туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин 1979-1981-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эсеп-экономика факультетинин «өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгүнүн эсеби анализи жана аны контролдоо» адистигине тапшырып, 1987-жылы аяктаган.
Эмгек жолун 1987-жылдан 1990-жылга чейин Ош шаарында “Мурас” элдик кол-өнөрчүлүк өндүрүш бирикмесинде материалдык бухгалтер кызматынан баштап ошол эле бирикмеде экономист, финансист, башкы бухгалтердин орун басары, ондоо курулуш башкармасында башкы бухгалтер болуп эмгектенген.
1992 жылдан 1994-жылга чейин Ош соода техникумунда окутуучу болуп эмгектенген.
1994-жылдан баштап эмгек жолун Ош технологиялык университетинин Финансы-экономикалык факультетинин “Коммерциялык ишмердуулук жана бухгалтердик эсеп кафедрасында окутуучу, ага окутуучу кызматын аркалоо менен ушул эле факультеттин деканынын орун басары кызматында аркалаган.
Расул Аширбековичтин демилгеси менен 1997 жылы түштүктө биринчи болуп «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасы уюшулган жана кафедра башчысы болуп эмгектенген.
2003 жылдан Ош технологиялык университетинин Инженердик экономика факультетинде декан катары 2009 жылга чейин башкарган. Аталган факультетте 2005-жылдан окуу процессине Европанын билим берүү системасына (ECTS) ылайык окутуунун кредиттик технологияларын киргизүү, бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттары боюнча окуу процессин реформалоо боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзгөн.
2009 жылдан баштап «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасын башкарып келген.
Расул Аширбекович жетектеген мезгилде кафедра Ош ТУнун кафедраларынын арасында 2 жолу эн мыкты кафедра катары таанылган.
Узенбаев Р.А. 1998 жылы 30-октябрда 08.00.12 «Бухгалтердик эсеп жана статистика» адистиги боюнча «Майда ишканалардын эсебинин жана отчеттуулугунун абалы жана өсүшү» аттуу кандидаттык диссертациясын Россия Федерациясынын Воронеж мамлекеттик университетинде ийгиликтүү жактап, Россия Федерациясынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон.
2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президимунун чечими менен «Экономика» адистиги боюнча доцент илимий наамы ыйгарылган.
2014-жылдын 1-октябрында, Бишкек шаарында Кыргыз Славян университетинин диссертациялык кенешинде 08.00.12 «Бухгалтердик эсеп жана статистика“ адистиги боюнча “ФОЭАС шартында өндүрүш чыгымдарынын эсеби жана анализинин проблемалары: теория, методология жана практика” аттуу темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
2016-жылдан бери КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 08.00.12 бухгалтердик эсеп, статистика адистиги боюнча эксперттик кеӊештин мүчөсү болгон.
2020-жылдын март айынан бери К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин алдындагы доктордук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кенешинде мүчө болгон.
Илимий педагогикалык ишмердүүлүгүндө 3 монография, 60тан ашуун илимий макалалары, 30дан ашуун окуу-методикалык иштери басылып чыккан. Илимий макалалары АКШ, Түркия, Россия, Казакстан, Тажикстан олколорүндо жана жергиликтүү басылмалардан жарык көргөн.
Жергиликтүү жана республикалык гезиттерде экономика жана билим берүү маселелери боюнча 10 го жакын макалалары жарыяланган.
6 аспиранттын жана 2 докторанттын илимий иштерине жетекчилик кылуу менен анын жетекчилиги менен 1 кандидаттык диссертация Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана Б.Ельцин атындагы КРСУнун астындагы диссертациялык кеӊеште ийгиликтүү корголуп, 2 кандидаттык диссертация коргоо алдында турат.
Квалификацияны жогорулатуунун алкагында эл аралык уюмдардын (USAID, «ПРАГМА», “КАРАНА»), KACES,Ednet, Teach-Ex ж.б.) ар түрдүү семинар, билим берүү жана окуу-тренингдик программаларына катышкан жана кесиптик ишмердүүлүккө тиешелүү сертификаттарды алган.
Квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында 1998-жылы РФнын Воронеж шаарындагы Воронеж мамлекеттик университетинде, 2002-жылы Казахстандын Алматы шаарындагы КИМЕПте, 2004-жылы АКШда Миннесота университетинде, 2006-жылы Казахстандын Уральск шаарындагы Мирас университетинде болгон.
Өзүнүн ишмердүүүлүгүндөгү жетишкендиктери үчүн бир канча сыйлыктарга ээ болгон: Ош ТУнун ардак грамоталары; Ош ТУнун ыраазычылыгы, Ош шаардык мэриясынын, КР нын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Мам.фин.көзөмөлдүн, КР нын Өкмөтүнүн ардак грамоталары, “КРнын Билим берүүсүнүн мыктысы”, “Кыргыз тил” төш белгилери.
Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы, 3 неберелүү болгон.
Расул Аширбекович Ош ТУда кафедра башчысы, декан кызматтарын аркалоо менен материалдык-техникалык базаны, окуу адабияттары менен камсыз кылуу, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу, илимий потенциалык көтөрүү, сырткы байланыштарды күчотүү, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр тыгыз иш алып баруу боюнча чон жумуштарды жасаган.
Өлкөбүздүн экономика багыты, анын ичинде бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча илимий изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, окуу жайлар аралык байланыштарды күчөтүү боюнча зор салым кошкон.

Жаткан жериниз жайлуу болсун, жайыныз жанаттан болсун! Сиздин элесиниз түбөлүккө сакталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: