Menu

Самтыров Ногайбек Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер – Бообеков Бекжан Калмурзаевич, Самтыров Ногайбек Жапанбекович айылдык кенештин депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.

Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 21 депутатынан 19 депутаты катышты. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 15-июлдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Н.Самтыров 12 добуш, талапкер Б.Бообеков 4 добуш алышкан. “Бардык талапкерге каршы” позициясына 3 депутат добуш берген.

2020-жылдын 15-июлундагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Самтыров Ногайбек Жапанбекович Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: