Обсервацияга иштөө үчүн кеткен студенттердин ден-соолугун эч ким текшерген эмес. Бул тууралуу KММAнын 21 жаштагы студенти Адинай Мырзабекованын курбу кызы билдирди.
Анын айтымында, Адинай Мырзабекова башка жогорку класстын студенттери сыяктуу эле, июлдун башында КММАнын жетекчилигинен ооруканалар жана тез жардам бөлүмдөрүндө иштөөгө чакыруу алган. Аларга болжол менен 40 миң сом төлөө сунушталган.
“Албетте, бул абдан жакшы акча каражат, айрыкча студенттер үчүн. Бирок Адинай адамдарга жардам берүү үчүн барган. Ал абдан жакшы, боорукер, жаркыраган адам эле”, – деди курбу кызы.
Анын айтымында, Адинай мурунтан ооруп жүрчү.
“Мурун сабак учурунда ал эсинен танып, ага аба жетпей калганын айткан. Мындай окуя бир нече жолу болгон. Балким, ал стресске кабылган. Эгер ал коронавирусту жуктуруп алган болсо, анда анын белгилери пайда болмок. Ал аны жашырбай, дарылана баштамак. Мен анын бардык эрежелерди так аткарганына ишенем. Ошол кечте бираз жата турсам мүмкүн жакшы болуп кетем деп ойлоду. Тилекке каршы, ал ойгонгон жок “- деди дос кызы.
Курбу кыздын айтымында, студенттерди обсервацияга жиберүүдөн мурун, алардын ден-соолугу эч кимди кызыктырган эмес. Медициналык кароодон өткөн эмес.
“Биз Адинайдын ата-энеси жана эжелери менен жолуктук, алардын баары көңүлү чөккөн. КММАнын жетекчилигинин бири дагы Адинайдын күтүүсүздөн өлүмүнүн себебин түшүндүргөн жок”, – деп жыйынтыктады ал.
Белгилүү болгондой, Адинай Мырзабекованын улуу эжеси жана эки сиңдиси бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ