Menu

Адис вируска каршы натыйжалуулугу далилденбеген дары-дармектерди пайдалануудан сактануу керектигин эскертет

Бөлүшүү:

Адис калкка вируска каршы натыйжалуулугу далилденбеген дары-дармектерди пайдалануудан сактануу керектигин эскертти. Бул маселени Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен 15-июлда болгон жолугушууда көтөрдү.

Анын айтымында, учурда калк арасында «Арбидол», «Ингавирин», «Эргоферон» ж. б. вируска каршы дары-дармектер чоң дүрбөлөңдү жаратып жатат.

Бирок бул препараттардын натыйжалуулугу далилденбегендиктен, ата мекендик клиникалык протоколдорго киргизилген эмес.

«Ошентсе да социалдык тармактардагы жарнамалардан улам калкыбыз булар абдан натыйжалуу жана зарыл дары-дармек деп ишенип алышкан. Мындай көрүнүш баалардын 100 сомдон 700 сомго чейин көтөрүлүп кетишине шарт түздү. Бейтаптар акчаларын бекер коротушууда. Бирок ошол эле учурда натыйжасын көрбөй жатышат. Бул дагы бейтаптардын биздин клиникалык протоколдорго ишенбөөчүлүгүн пайда кылып, дарыгерлер начар дарылап жатышат деп айтууларынын бир себеби болушу мүмкүн», — деди Бактыгүл Камбаралиева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: