“Саясатчыларды бүгүн эл жакшы көрбөгөн мезгил. VI чакырылыштын депутаттарын эл көрөйүн деген көзү жок”, – деп билдирди 15-июлда депутат Алтынбек Сулайманов.
“Жогорку Кеңештин VI чакырылышынан эл араң кутулду. Каникулга эмес, сессия бүтүп кеткенден кийин дагы биз кайра жыйналабыз деген бул туура эмес. Эгер жыйын болуп калса мен ал жыйынга барбайм. Ал жыйынга мен катышпайм, себеп дегенде ал жыйында эч кандай чечим кабыл алынбайт. 5 жылда чечпеген маселелерди эми ушул чукул жыйында чечип коёбуз дегенге мен такыр ишенбейм. Шайлоого 80 күн калды, ушул арада шайлоо тууралу сөз козгоо, саясый упай топтоо – бул чайкоочулук деп эсептейм. Биз бүгүн элге жардам берип, апаат менен күрөшүп, пандемиядан чыгып кетиш керек”, – деди Алтынбек Сулайманов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ