Menu

Аида Исмаилова: Пневмонияны COVID-19 деп эсептөө тууралуу буйрук чыкты

Бөлүшүү:

Кыргызстанда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандарды да каттоого коронавирус деп алуу тууралуу буйрук чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу тууралуу 16-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн брифингде маалымдады:

“Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 боюнча улуттук клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясын бекитти. Аны эксперттер тобу иштеп чыккан. Бул колдонмо бейтаптарды коронавирустан, анын ичинде пневмониядан стационардык жана амбулатордук шартта дарылоо алгоритминен турат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда кабыл алынган Оорулардын эл аралык классификациясына ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шартында колдонулат. COVID-19 лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок белгилери байкалган, рентгенден көрүнгөн U07.2 кодуна карайт деп бекитилген. Коронавирустук инфекцияны дарылоодо бирдиктүү ыкманы колдонуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарды. Ал буйрукка ылайык, пневмония U07.2 кодуна карайт. Ошентип, пневмония боюнча статистика COVID-19 деп эсептелет”.

Март айынан бери Кыргызстандын ооруканаларында, расмий эсеп боюнча, пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду. Клиникаларда орун жок болгондуктан көбү үйүнөн дарыланып, каза болуп жатышканы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

Буга чейин бир топ адистер өлкөдө өпкөсүнөн кагынып ооруган, бирок анализинен коронавирус табылбаган бейтаптардын баарын COVID-19 катары дарылоо керектигин айтып чыгышкан.

“Илимий-консультациялык комитет” бирикмеси Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, коронавирус менен пневмонияны өз-өзүнчө эмес, чогуу кароого чакырган. Коронавирустун статистикасында кош стандартуулук болуп жатканы, дарылоонун ийгилиги диагноздун туура коюлушунан гана көз каранды экенин белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: