Бүгүн, 17-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган жаңы 603 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 300, Чүй облусунда – 82, Ош шаарында – 67, Ош облусунда – 42, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 48, Баткен облусунда – 53, Талас – облусунда – 5 учур катталган.
Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 13101.
Кыргызстанда бир сутка ичинде 86 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.
Сутка ичинде Бишкек шаарынан 13, Чүй облусунан 25, Ош шаарынан 10, Ош облусунан 1, Жалал-Абад облусунан 21, Баткен облусунан 8, Нарын облусунан 2, Талас облусунан 1, Ысык-Көл облусунан 5 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Жалпысынан өлкө боюнча айыккандардын саны 6096 кишини түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ