Menu

Фото – Премьер-министр Кубатбек Боронов: Жалпы күч-аракеттер аркылуу гана коронавирус инфекциясынын жайылышына натыйжалуу каршы тура алабыз

Бөлүшүү:
Коронавирус инфекциясынын жайылышына интеграциялык биримдиктин катышуучу-мамлекеттеринин жалпы күч-аракети аркылуу гана натыйжалуу каршы тура алабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны учурунда айтты.
Жыйындын катышуучуларына кайрылган Өкмөт башчы Кубатбек Боронов белгилегендей, COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы экономикалык активдүүлүктү төмөндөтүп, экономикалык өсүштүн жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын темпин басаңдатты.
«Тышкы жана ички чөйрөнүн иштөөсүнүн жаңы шарттарында учурда колдо болгон куралдарды гана колдонбостон, бардык тоскоолдуктарды четтетүү, өлкөлөрүбүздө бизнеске колдоо көрсөтүү аркылуу коюлган максаттарга жетишүү үчүн жаңыча мамилелерди киргизүү керек деп эсептейм.  Калкты азык-түлүк менен камсыздаган, чакан жана орто ишкерликти сактаган, ЕАЭБ ички рыногунда товарлардын жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн шарттаган чечимдерди кабыл алуу керек. Агрардык индустрияны өнүктүрүү жана индустриализациялоо маселелери өлкөбүз үчүн экономиканын артыкчылыктуу тармактары болуп саналат. ЕАЭБдин агрардык индустрияны өнүктүрүү жана индустриализациялоо карталары биздин биримдиктин ар бир мамлекетинде айыл чарбасын жана өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү системасын уюштурган шартта интеграциялык дараметти натыйжалуу пайдалануунун куралы болуп калат», – деди ал.
Кубатбек Боронов билдиргендей, Кыргыз Республикасы биримдиктин алкагында импорттун ордун алмаштырууну өнүктүрүү жана өндүрүштүн кооперациялык чынжырчасын түзүү аркылуу узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө кызыкдар.
«Евразия экономикалык комиссиясы бул маселеге кошулуп, биздин өлкөлөрдүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы тийиштүү өз ара аракеттенүү деңгээлин камсыздоого тийиш. Бул долбоорго ЕАЭБдин учурда иштеп жаткан финансы институттары: Евразия өнүктүрүүнү турукташтыруу фонду жана Евразия өнүктүрүү банкы дагы тартылышы керек. ЕАЭБ бирдиктүү өнүктүрүү институтун түзүү демилгесин талкуулоо иштерин улантуу маанилүү. Ошону менен бирге түздөн-түз Евразия экономикалык бирлиги менен бирге Евразия өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча программаны даярдоону сунуштайбыз», –  деп баса көрсөттү Премьер-министр.
Өкмөт башчы белгилегендей, коронавирус инфекциясынын жайылышына ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жалпы күч-аракеттери аркылуу гана натыйжалуу каршы тура алабыз.
«Медицина кызматкерлери COVID-19 коронавирус инфекциясынын жана башка оорулардын  эпидемиологиясы, клиникасы, дартты аныктоо жана алдын алуу маселелери боюнча интеграциялык биримдикке мүчө-мамлекеттердеги кесиптештеринин колдоосуна муктаж болуп турат. Жугуштуу оорулардын жайылышына жооп кайтаруунун макулдашылган алгоритмин жөнгө салган сунуштамаларды иштеп чыгуу – бири-бирибизди колдоонун кошумча каражаты болуп калат», – деп жыйынтыктады Премьер-министр Кубатбек Боронов.
   
   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: