Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын лидери Эрмек Усубалиев (айтылуу Турдакун Усубалиевдин небереси) депутаттык кызматын өз эрки менен таштап кетти. Бул тууралуу ал журналисттерге өзү билдирди.
Маалым болгондой, депутат 13-июль күнү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына арыз жазган.
Усубалиевдин айтымында, ал быйыл Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого да катышпайт жана азыркы учурда бийликте болууну каалабайт.
Ал өзү ооруп жана өргүүдө экенин айтты.
“Мен эч кимден кынтык тапкым келбейт же кимдир бирөөнү урушкум келбейт, бирок бүгүнкү жагдай чындыгында биздин деңгээлибиз канчалык экенин көрсөттү. 5-6 миң сом маяна алган жөнөкөй адамдар мындай кырдаалда бири-бирине өздөрү жардам берип жатышат”, – деди ал.
“Мен өзүм бир да көйгөйдү чече алган жокмун. Элди, муниципалитетти жана башкаларды ынандыра алган жокмун. Бул менин күнөөм. Балким, менин артымдан келген адам аракет кылат”, – деди.
“Учурдагы кырдаалга байланыштуу, бир аз убакыттан кийин, өлкөнү кризистен кантип алып чыгуу керектигин түшүнгөн бир жаңы багыттагы топ пайда болот (партия эмес)”, – деп айтты Турдакун Усубалиевдин небереси.
Бул факт боюнча укук коргоочу Динара Ошурахунова Твиттердеги өз баракчасына “Эми муну баатыр кылбай эле койгулачы, ушунча жыл депутаттыгын пайдаланып, өлкөдөгү абалды оңдоого алгылыктуу аракет жасабай туруп эми мөөнөтү бүтөрдө “өз эрки менен мандатымды тапшырдым” деп баатыр болбой эле койсун” деп комментарий жазды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ