Menu

Тамашоучу Эмил Токтошев катышкан жарнамалык роликке 17 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги “Такси 180 Оштун” жетекчилигине этикага жатпаган жарнама үчүн айып салууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу “Медиа полис институту” билдирет.

Белгилүү болгондой, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы жарандарды никеге туруу максатында кыз ала качууга үндөгөн “Такси 180 Ош” жарнамасына карата электрондук кайрылууларды карап чыккан.

“Жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, жарнама берүүчү менен жарнама тартуучулардын ортосунда келишим түзүлгөн эмес. Андыктан Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, жарнама берүүчү маалыматтын мазмуну үчүн жооп берет”-деп билдирди уюм.

Азыр “Такси 180 Ош” жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу процедурасы жүрүп жатат. Аларга 17 миң сомго чейин айып пул салынат.

Эске салсак, ушул жылдын июнь айынын аягында куудул жана шоумен Эмил Токтошев өзүнүн Инстаграм баракчасына Оштогу такси кызматы жөнүндө жарнамалык ролик жарыялаган. Видеодо бир топ эркек кызды уурдап кетишет, алардын унаасы иштебей калат – кыз алгач кыйкырып, андан кийин такси сунуштайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: