Menu

Видео – 2004-жылы сел алган атасынын үйүн оңдоп бере албаган Руслан Садыков президентти сындап, акыл үйрөткөндүгү үчүн кечирим сурады

Бөлүшүү:

“Мен Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылынын тургуну Садыков Руслан Эркинбаевич, өткөндөгү президентти сындаган видеокайрылуум боюнча айтсам: менин азыркы абалым, шартым ошол кайрылууга алып келди. Анткени 2004-жылы биздин үйдү суу алып кеткен. Ошондон бери ата-энем палаткада жашайт. МЧС 10 кишилик палатка берген, ошол палаткада күн өткөрүп келет. Экинчиден, өзүм медикмин. Анан элибиз ушундай ооруп жатканда аппараттар жетпегендиктен, жанагыдай ситуация болуп жаткандыктан өзүмдү эмоцияга алдырып, ошондой сөздөрдү айтууга туура келди да”, – деп түшүндүрдү кечээ, 19-июлда ага чейин президентти сындап, ага видеокайрылуу жасап, акыл айткан жаран Руслан Садыков.

“Сооронбай Шарипович, сизден кечирим сурайм. Сиз канткен күндө да бизди ажобузсуз, биздин башчыбызсыз. Кечирип коюңуз, эмоцияга алдырып койдум. Анан өлкөбүз араң турганда, элибиз ушундай кыйналып жатканда абалды курчутуп албайын деп аткам да. Эми сиз да туура түшүнүңүз, кечирим сурайм мен сизден”, – деди Руслан Садыков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: