Menu

ИИМдин Академиясынын кызматкерлери менен курсанттары сууда агып бара жаткан кызды куткарып калышты

Бөлүшүү:

ИИМдин Академиясында кезметте турган курсант Асылбеков Бекжан Аламүдүн – 1 кичи районундагы каналда кыздын жардамга чакырып кыйкырып агып бара жатканын көргөн. Ошол замат ИИМдин Академиясынын нөөмөт бөлүмүнө билдирген. Бул тууралу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Нөөмөтчү милициянын подполковниги Шамиров Ж., нөөмөтчүнүн жардамчысы милициянын прапорщиги Тангатаров Б., жана Академия боюнча жооптуу милициянын полковниги Камчыбеков Н., тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, агып бара жаткан кызды суудан алып чыгышкан. Андан соң, денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына тапшырып беришкен.

Өз маалында жардам көрсөтүп, аман алып калган Академиянын кызматкерлерине кыздын ата энеси, туугандары ыраазычылык билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: