Menu

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын дары каражаттарын жөнгө салуу кызматынын Башкы директору Асим Рауф мырза менен жолугушту

Бөлүшүү:

15-июлда, Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын дары каражаттарын жөнгө салуу кызматынын Башкы директору Асим Рауф мырза менен жолугушту. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Элчи Э.Бейшембиев Ковид-19 эпидемиясына байланыштуу Кыргызстандагы оор кырдаал жөнүндө, өлкөнүн дары-дармектерге жана медициналык шаймандарга болгон муктаждыгы, ошондой эле медициналык буюмдарды ЕАЭБ жана ЕБ (ЕБ ВСП+ программасына эки мамлекеттин мүчөлүгүн эске алуу менен) базарларына биргелешип өндүрүү жана экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө  маалымдады.

Пакистандын дары каражаттарын жөнгө салуу кызматынын башкы директору Асим Рауф мырза Пакистан тарабынын Кыргыз Республикасы менен дары-дармектерди жөнгө салуу, Кыргыз Республикасына экспорттолуучу медициналык буюмдарды биргелешип өндүрүү жана Пакистан дары-дармектерин Кыргыз Республикасына жеткирүү жаатында кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: