Menu

Фото – Москва олимпиадасына 40 жыл. Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев

Бөлүшүү:

2020-жылы  Москва шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарынын 40 жылдык мааракеси учурдагы коронавирус жана пандемия илдеттеринен улам салтанаттуу белгиленбей калганы  менен 20-июлда  “Дордой” спорт комплексинде Кыргызстандын Олимпиадачылар ассоцациясынын президенти Шаршен Касеновдун демилгеси менен чакан майрамдык иш чара өттү. Ага Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, Токио олимпиадасына жолдомо алган балбан Атабек Азисбеков чакырылып, аларга баалуу сыйлыктар, Хрусталь Кубоктор ыйгарылды. Каныбек Осмоналиев атайын ырымдап олимпиадалык алтын медалын Айсулуу менен Атабектин мойнуна тагып, калоо –тилектерин айтып, батасын берди. Бул иш-чароага спорттук баяндамачы, жазуучу Кабыл Макешов да катышып,  мындан 40 жыл илгери ушул 20-июлда кечинде кыргыз элин кубанычка бөлөп, Каныбек Осмоналиев олимпиада чемпиону болгонун белгилеп,    1980-жылкы Москва олимпиадалык оюндарында жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиондорубуз даңазалуу мерген  Александр Мелентьев, атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев,  белгилүү жеңил атлетчи Татьяна Колпакова,  ат спорт чебери Александр Блинов,  жөө күлүк Николай Чернецкий, марафондук жарышта коло медаль уткан дубанды жарган дулдул  Сатымкул Жуманазаров, фехтование мелдештерде күмүш байге уткан  Александр Абушихметов, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдырлары, өмүр таржымалдары жана олимпиадалык бийиктиктери, спорттогу каармандыктары тууралуу  “Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу” аттуу китепти 3 ай мурда жазып бүтүп, каржы маселесинен улам жарык көрбөй турганын айтты.  Бүгүн “Москва олимпиадасына 40 жыл” деген түрмөгүбүздөн  даңазалуу балбан Каныбек Осмоналиев тууралуу кеп кылабыз.

Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев

Легендарлуу оор атлетчи, Москвада өткөн 22-Олимпиада оюндарынын чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку, Европанын жана Советтер союзунун 2 жолку жеңүүчүсү, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, 2-3-даражадагы “Манас” ордениндеринин ээси, дүйнө рекордчусу, мамлекеттик ишмер, кыргыз өңүн дүйнөгө дүңгүрөткөн таланттуу спорт ишмери Каныбек Осмоналиев.

Ал жөнүндө даректүү тасма тартылып, акын Акбар Рыскулов поэма жаратып, өзү да бирин-экин китеп жазууга себепкер болду. Каныбекке кандай мактоо айтса жарашат, себеби ал улут сыймыгы, элдик баатыр. Чынында Кыргыз эли ардактай турган баатыр Каныбек Осмоналиев.

Союз учурунда СССРдин курама командасына кирүү, биринчиликти утуп, дүйнөлүк деңгээлге чыгуу өтө оор болгон. Ошол учурда эле кыргыздын желегин бийик көтөрүп жүргөн мыктылардын катарында Осмоналиев саптын башында турган. Бул ийгиликтерге жетүү үчүн күнү-түнү машыгууларды кылып, талыкпаган эмгек жумшаган.Ал күнүнө 60-100 тонна оордук көтөрүп, талбай машыкканынын үзүрүн көрдү. Анын жыйынтыгы сөзсүз түрдө жемиштүү болооруна, спорттук бийиктиктерди багынтаарына ишенген. Чоюн көтөрүүдөн сырткары бош убактыларында шаардагы борбордук стадионго күндө келип, 10 ирет стадионду айланып чуркаган.

Каныбек Осмоналиев үчүн 1980-жыл абдан ийгиликтүү жылдардын бири болгон. Ал 22-Жайкы Олимпиадалык оюндарда оор атлетика боюнча Советтер союзунун курама командасынын тизмесинде ат салышып, ар бир спортчу кыялданган олимпиадалык алтын медалдын ээси аталган. Бул жеке гана СССРдин атын дүйнөгө жар салбастан, Кыргызстандын  атын да алыска тааныткан. Москва олимпиадасына  оор атлетика боюнча 40 мамлекеттен 172 спортчу мөрөй талашкан.
Москва олимпиадасы Каныбек үчүн да, кыргыз эли үчүн да унутулгус. Эң жеңил  52  килограмм салмактагы оор атлетчилердин атаандашуусу курч мүнөздө өтүп жатты.

Алгач жулкуп көтөрүүдө кореялыктар менен венгерлер негизги атаандашы болуп, Каныбек 107,5 кг көтөрсө, Бүткүл Кореянын өкүлү Хан Ген Си 113 кг багындырып, дүйнөлүк рекорду жаңыртып койду. Анын мекендеши Хо Бонг Чон да 110 кг көтөрүп, олимпиадалык рекордго жетти.

Түртүп көтөрүү, олимпиадалык алтын медалдын тагдырын чечмек. Кореялыктар 135 кг оордукту көтөрүп, жалпы көрсөткүчү 245 кг болду. Каныбек болсо экинчи көтөрүүдө 137,5 кг.оордукту багындырды.

Кореялыктар 140 кг салмакты багынта албады. Каныбек да өзүнүн акыркы чыгышында 142,5 кг түртүп көтөрө албады, ошентсе да тагдырдын буйругу менен Каныбек Осмоналиев – кыргыздан чыккан биринчи олимпиадалык чемпион болуп калды. Себеби, анын салмагы атаандаштарынан 250 граммга жеңил болчу. Күрөштүн өтө курч мүнөздө өткөнү дале көңүлдө, эсте турат. Жалпы көрсөткүч боюнча 245 кг салмакты төрт балбан көтөрүшкөн. Алар кореялыктар Хан Ген Си менен Хо Бонг Чон, венгриялык Беила Олах жана кыргызстандык Каныбек Осмоналиев эле. Булардын арасынан эң жеңили Каныбекке алтын медаль ыйгарылды. Анын салмагы 51, кг 750 г эле. Бул учур кыргыз эли үчүн чоң жеңиш, майрам болчу. Элдин ишеничин, үмүтүн актай алды, Каныбек.

Буга чейин мындай ийгиликти 1976-жылы Канаданын  Монреаль шаарында өткөн Олимпиадада советтик спортчу Александр Воронин багындырган. Тилекке каршы бул салмакта мындай жетишкендикти Осмоналиевден кийин узак убакытка эч ким жарата алган жок. Москва Олимпиадасында советтик оор атлетчилердин мыкты көрсөткүчү Болгария, Венгрия, Куба, Чехословакия, Германия жана башка өлкөлөрдүн спортчуларын артта калтырып, командалык эсепте СССР биринчи орунду камсыз кылышат. Буга жетиш үчүн да Осмоналиевдин жеңиши себепкер болгон.
1978-жылы АКШда өткөн дүйнө чемпионатына катышып, чоюн билек Осмоналиев алгач ирет дүйнө чемпиондугунун алтын медалын тагынат. Бул жеңиши анын атын дароо алыска таанытып, кыргыздан чыккан Осмоналиев деген  мыкты спортчу, чыгаан балбан бар деп  адистер көңүл бурган. Аны менен катар кыргыз балбаны кийинки ийгиликтерге карай байсалдуу даңгыр жол салып, спорттук бийиктиктерди багындырды. Ошол АКШдагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган  кезинде Америкага чакыртылып,  алар баардык шартты түзүп, чоң акы төлөп беребиз дешип, убада кылышкан. Бирок мекенин сүйгөн уул ага макул болгон эмес.

-Ийгилик көп нерсенин жыйынтыгында келет. Мисалы, аткарып жаткан ишти колко кылбай, ар бир кадам өзүң үчүн экенин сезиш керек. Жетишкендиктин ачкычы – күчтү, акылды, адамгерчиликти, ойду, баскан-турганды, ичкен-жегенди көзөмөлдөп, баарын топтоо. Акылсыз, адамгерчиликсиз болсоң бийиктикти багынта албайсың. Жашоодо көп кыйынчылык болот. Ошого чыдап, жол издеп, туруштук берген адам жеңет. Эмгекти сүйүш керек, ойлонуш керек. Акылың болсо, жакшылыкты ойлошуң кажет, деп жаш спортчуларга кеп-кеңешин айтып жүрөт Каныбек Осмоналиев.

Каныбек агай 1953-жылы 19-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келип, балалыгы айыл жергесинде өттү. Атасынан эрте ажырады, жол кырсынынан улам каза болгондо  Каныбек болгону бир жарым жашта болчу.

5 баланы эрезеге жеткирүү түйшүгү  25 жаштагы апасы Жийдекандын мойнуна жүктөлгөн. Жашынан эле спортко ынак, эмгекчил, мээнеткеч болуп, чыйрак өсүп, боюнун кыска экенине карабай, футбол, баскетболду жакшы ойногон. Эркин күрөш ийримине да катышып, райондук мелдештерде байге алып жолдоштору арасында алдыда болгон. Анын балалыгы уй саап, камыр жууруп, талаада иштеп, айтор, мээнет менен өткөн.

Балалыгы киндик каны тамган Бейшеке айылында өтүп, ааламга карай кадамды дал ушул ыйык жерден баштаган. Болочоктогу чемпиондун мектепти аяктагандан соң шаарда окуйм деген максаты деле болгон эмес. Апасына жардам берип, айылда иштеп, жанында болсо деген. Ошондо атасы менен бир тууган агасы апасы менен кеңешип Каныбекти шаарга билим алууга жиберет.

Кыргыз мамлекеттик Университетинин тарых факультетинде окуп жүргөндө, күрөшкө жана баскетболго барып жүрдү.

Анын жөндөмүн байкап, багын ачып, чоң спортко алып келген устаты Семен Давыдович Иткин болду. Студент кезинде салмагы 42 киллограм, бою 1 метр 48 сантиметр болгон жаш жигит 70 килограммдык штанганы ийинине коюп бир нече жолу көтөрүп машыктыруучу Семен Иткиндин көзүнө илинип калат. Оор атлетика боюнча “Москва-1980” Жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, Дүйнөнүн 4 жолу, Европанын 2 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев мырза студент кезинде оор атлетикага кызыгып калганын мындайча эскерет:

“-Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуп жүргөндө да күрөшкө барып жүргөм. Анан боюм өссүн деп, баскетбол ийримине да катышчумун. Бир жолу университеттин оор атлетика залына капыстан кирип калып, балдар менен мелдеше кетип, штанга көтөрүп калдым. Көрсө мен эч кандай даярдыгы жок эле спорт чеберлери көтөрүүчү оордукту оңой эле көтөрүп койгон экем. Менин бул спортко жөндөмдүүлүгүмдү байкап, оор атлетиканын сырын үйрөтүп, чоң спорттун эшигин кенен ачкан устатым – Семен Давыдович Иткин болду. Эмгекчилдик, чыдамкайлык, намыскөйлүк сапаттарым, жашымдан мээнеткеч, жоопкерчиликтүү болуп өскөнүм ийгиликтердин ачкычы болду”.

Акырындык менен оор атлетикага болгон сүйүүсү күчөп, машыгууларды калтырбай аракет кыла баштайт. Жылдан жылга чеберчилиги өсүп, устатынын үмүтүн актай баштаган. Мындай натыйжалуу көрсөткүчтөр Каныбек Осмоналиев үчүн эл аралык арена таанылууга мүмкүнчүлүк ачкан.

1978-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Геттисбург шаарында дүйнө чемпионатынын алтын медалын тагынды. Андан кийинки жылы Грециядагы Салоники шаарында экинчи жолу дүйнө чемпиону болуп калды.  1980-жылы Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионатынада дагы намысты колдон чыгарбай, чемпиондук наамын сактап, үчүнчү алтын медалын тагынды.
Ал СССРдин көп жолку чемпиону, Европанын чемпионатын 1978- жана 1981-жылдары 2 ирет жеңген. 1981-жылы Франциянын Лилль шаарында да дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээлеп, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону аталган.

Кыргызстанды дүйнөлүк аренага тааныткан үч-төрт адам болсо, Каныбек ошонун бири. Чыңгыз, Сүймөнкул, Каныбек – кыргыз элинин өчпөс жылдыздары.

ХХ кылымда Кыргызстанда оор атлетика боюнча эң мыкты спортчусу деп бир добуштан Каныбек Осмоналиев деп аталган.

Каныбек Осмоналиев эрте, жаш курагында эле (19 жашында) үйлөнгөн. Учурда төрт уул, үч кыздын атасы. Спорт легенда­сындагы бул инсан тууралуу айта бер­сек сөз арбын. Анан калса анын ысы­мы Ала-Тоонун ар бир кокту-колотуна, айыл-кыштагына чейин таанымал.

Айтмакчы, 2019-жылы 25-29-ноябрь күндөрү борборубуздагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайын­да даңктуу спортчу Каныбек Осмо­налиевдин 65 жылдык мааракесине карата оор атлетика боюнча XXXI эл аралык турнир өтүп, ага Борбор Азия, жакынкы жана алыскы чет мамлекет­тердин спорттук делегациясы жана өлкөнүн облус жана шаарларынан оор атлетчилер келишти. Аталган мелдешти олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция, Улуттук олимпиада комитети жана Кыргыз­стандын оор атлетика федерациясы ар жыл сайын өткөрүп келүүдө.

Кыргыз оор атлетика тарыхында дегеле жалпы дүйнөлүк тарых беттеринде Каныбек Осмоналиев деген ысым өзгөчө орунда турат. Анын кыргыз спортуна кошкон салымы нар көтөргүс баага татыйт.

 

 

2013-жылы 60 жылдык мааракесине карата автобиографиялык “Олимп оттору” аттуу китеп жазып, жумурай журтка тартуулаган.

Каныбектин жеңиш санжырасы жөнүндө көп айтылды. Көп жазылып легендага айланып баратат. Жылдар өтсө да анын эрдиги, балбандыгы, олимпиадалык алтын медалынын өңү өчпөй кичүүлөргө өрнөк боло бермекчи. Кыргызды кыргыз кылган Манас бабабыздын салтын улантуучу эр-азаматтар бар экенин Каныбек Осмоналиев далилдеди.

Ошондуктан ага «Кыргыз эл баатыры» деген наамды бийлик ыраа көрбөй турса дагы, эл-журт аны анык Кыргыздын элдик баатыры деп билет. Кыргызстандын спортчуларга жол көрсөтүп, олимпиадалык бийиктиктерге үндөп, өмүр жолуңуз аларга өрнөк, үлгү болуп, эсен болуңуз Каныбек мырза!!!

Эскертүү:  Очерк кыскартылып берилди. Кийинки бөлүктө кыргызстандык олимпиада чемпиондору Татьяна Колпакова, Александр Блинов, Николай Чернецкий, коло байге ээлери  Сатымкул Жуманазаров жана Александр Абушахмедов тууралуу кеңири баяндалат)

Кабыл Макешов, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

 Атайын “Кыргыз тудей” үчүн даярдалды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: