Ош шаарында бир адам Индиядан келген студенттен унааны ижарага алган, бирок кайтарып берген эмес. Ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Индиядан келген Мухаммед аттуу студент унаа сатып алган. Унаанын ишеним катын өзү жашаган батирдин кожойкесинин атына жаздырган.
Ал өз мекенине кетип бара жатып, унаасын ушул аялдын күйөөсүнө ижарага таштап кеткен. Кайрадан Кыргызстанга кайтып келгенде, ал унаасын ала албай калган. Ал 2019-жылдын сентябрь айында арыз менен милицияга кайрылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “алдамчылык” беренеси боюнча катталган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ