Бүгүн, 21-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Азербайжан Республикасынын дайындалган тышкы иштер министри Джейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Министр Ч.Айдарбеков кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, кесиптик ишмердүүлүгүндө ага ийгиликтерди каалады.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин учурдагы деңгээлине канааттануу билдиришти, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү арттыруунун мындан аркы жолдорун талкуулашты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графиктери талкууланды.
Ошондой эле эл аралык жана региондук күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде, Түрк кеңешинин, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ